Тамга жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарыхы
1925-жылы Тамга айылында алгачкы татар башталгыч мектеп ачылат.
1930-жылдан тартып, ал мектепте кыргыз балдары да окуй баштайт.
1934-жылы болсо балдарды окутуу кыргыз, орус, татар тилдеринде жүргүзүлөт.
Алгачкы башталгыч мектептин (Барталдагы) башчысы Асанбек Чынгышев болгон. Биринчи окуучулары Бекболотов Желдең, Мейрезанов Абды, Илипбаева Жамийла, Забирова Надира ж.б. болушкан.
1969-жылы Армиянын генералы Н.Г. Лященконун буйругу менен жаңы 3 кабаттуу мектептин имараты курулуп баштап, 1971-жылы колдонууга берилген.
Кийинки мектеп жетекчилери: В.Илюшкин, Ч.Байтоков, К.Кутуев, И.Манапбаев, Г.Баязитова, К.Забиров окуу-тарбиялык иштерди татыктуу улантып келишкен. Бүгүнкү күндө мектептин директору болуп Саалаева Анура Раевна эмгектенүүдө.
Азыркы күндө алардын ошол кездеги окуучулары, тажрыйбалуу мугалимдер: Эркинбаева Клара, Чернова Валентина, Забирова Дамира, Забиров Камал, Тугушева Марфуга, Старжинская Нина, Оторбаев Жоомарт, Жайлокеев Марс, Орозбекова Аида, Саалаева Айнура, Сыдыкова Чынара, Байтерекова Дариха, Торгоев Улукбек Торгоевич, Забирова Алена Анатольевна, Зарылдыкова Тинатин Кыдырмышовна көп улуттуу үй-бүлөнүн балдарына татыктуу билим – тарбия берүүдө.
Мектепте 654 окуучу бар. Айыл жана мектеп өзүнүн улан-кыздары менен сыймыктанса болот. Мисалы: КР Эл артисткасы Назира Мамбетова, экономика илимдеринин доктору Айсалкын Шакеева, тарых илимдеринин доктору Чынара Шакеева, медицина илимдеринин кандидаты Тогузбаева Калия Кыдыкбековна ж.б.
2012-жылдын бүтүрүүчүсү Забирова Эльнура республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин арасында республика боюнча жалгыз «Алтын сертификатка» ээ болгон.
2014-жылдын март айынан баштап мектепте ВПП ООНдун «Ысык-Тамак» долбоорунун негизинде башталгыч класстар үчүн ысык-тамак уюштурулуп, азырки күнгө чейин эң жогорку деңгээлде иш алынып барууда.
2016-жылдын август айында Тамга орто мектебинде 40-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн демөөрчүлүгү астында маалымат – этнографиялык тарых музейи ачылды. Уюштуруучу жана жасалгалоочу Тамга орто мектебинин сүрөт мугалими Манапбаев Иса Касенович.